Ак Мөөр

Мөөрдү Жантай алганы күйөөлөп келип калат. Болот Мөөрдүн бир тууган жээни, Мөөр  Болоттун бир тууган  таяжеси. Экөө үйлөнүүгө убадалашат. Ага жеткирбей Жантай алып кете турган болгондо, Соңкөлдө жылкы багып жаткан Болотко Мөөр бир баланы жөнөтөт. Ат тердетип келген баланын түрүн көрүп,

Болот: Сен соо келген бала эмессиң жаймааниңци эртерээк айткын,  десе бала: Түндө жатарда жүрөгүм дей түшүп, таңга маал Мөөр өлүп кетти. Ошого кабарга келдим,  дейт. Жаагың сын, мени таштап Мөөр өлбөйт,  деп Болот жооп берет. Эмесе, дагы бир айтар кебим бар. Өлгөндөн жаман эмеспи, Жантай баатыр Мөөрдү алып кеткени жатат,  дейт.

Мени таштап Мөөр Жантайга барбайт,  дейт Болот. Андай эле ишенбей турган болсоң, айтышкан сөз, алышкан колум бар эле, эч болбосо келип мени көрүп кал сын деп, мынабу жоолукту берип жиберди,  деп койнунан сары шайы жоолукту алып, бала Болотту көздөй ыргытып жиберет. Камчы сап менен илип алып караса, Мөөрдүн сары шайы жоолугу экен. Анда менин өлгөнүм ошол, Мөөрдөн ажырап жылкы багып талаада жүрөмбү,  деп ат токуп минип алып, бала экөө Жумгалга жөнөйт. Намаздигер, иңирдин арасында, киши таанып, тааныбастан Жумгалга кирип келет. Болот келди, деп Мөөргө кабар жеткенде Мөөр эшикке беш жеңе син чыгарат.

Эч кимге көрсөтпөй далдалап, ортого курчап алып киргиле. Беш аял ортого алып кирип, эки аял Болот тун үстүндөгү эски кийимдерин чечиндирип, босогодон жаңы кийим кийгизип, көшөгөнүн ар жагын чечип туруп, Мөөрдүн үстүнө Болотту киргизип жиберет. Мен кеттим, сен калдың,  деп Болотту кучактап алып, Мөөр солкулдаса, артынан Болот да кошо ыйлайт. Мөөрдүн ыйлап айтканы:

СоңКөлдүн башы тал менен, Соодагер өтөт ээ мал менен, Солкулдап ыйлап баратам

Зордукчу Жантай чал менен.

Кеминдин башы тал менен, Кербендер өтөт мал менен, Кейип ыйлап баратам

Кеминдик Жантай чал менен.

Жолборско изиң чалдырдың, Жорудаичалгаалдырдың. Ак шумкар шаңшыит кыядан, Ак Мөөр деген кыз бар деп, Бул чал кайдан чыга калды туурадан.

Берметтей жүзүм кал басып,

Түбү келип мен болдум го куураган. Ай далымда колоң чач, Тарабай кетип баратам.

Артымда көйкөл сен калдың.

Карабай кетип баратам. Алтынжандыкуучалга, Баалабаикетипбаратам,

Алтынымсеникөрүштү.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.