АСАН КАЙГЫНЫН СӨЗҮ Бир күнү кар түшүп, кыш болуп калды. Ошондо Асан кайгынын айткан сөзү

Салган тамы жок, Кылган камы жок. Алган даны жок, Мал багарга алы жок, Көзү башын көгөртүп, Баягы көөгөн байкуш кантти экен? Көрө турган көзү жок,

Чымын байкуш кантти экен?

Таразасын көтөрүп, Тармаңдаган шор тумшук, Ташбака байкуш кантти экен? Боору жерге жабышкан, Баса албаган балчактап, Бака байкуш кантти экен? Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Боорунда буту жок, Жылаан байкуш кантти экен? Оргон-жыйган чөбү жок, Эчтемеге эби жок, Доңуз байкуш кантти экен? Кирер эшиги жок, Корголоор тешиги жок, Коңуз байкуш кантти экен? Сууга муздап, Сөөгү сыздап, Көргүлүктү көргөн чыгаар, Балык байкуш кантти экен? Жайлоодо жабуу албаган, Арык байкуш кантти экен? Курт-кумурска үйү жок, Куурап баары өлгөн чыгаар, Өлбөсө да байкуштар, Көргүлүктү көргөн чыгаар. Жанын суудан жашырып жүргөн, Жаян байкуш кантти экен? Колун алып бооруна, Коркуп качып жүргөн, Коен байкуш кантти экен? Уясын кар баскан чыгаар, Шору баштай каткан чыгаар. Муздап байкуш кантти экен? Ээси жок багарга Элик байкуш кантти экен? Жерге-сууга жукпай жүргөн Жейрен байкуш кантти экен? Бөрү мунун душманы эле, Бөкөн байкуш кантти экен? Кара таштан жай алган, Таштан башка үйү жок эле, Үй оокаттын бири да жок эле, Кийик байкуш канттиэкен? Чилде түшүп кыш болду, Суунун баары тоңуп, муз болду. Каз-өрдөктөн канча өлдү экен? Каркыра байкуш канттиэкен? Оокат кыларга эби жок, Чапаны жыртык, жеңи жок, Жесир байкуш кантти экен? Жеңесинен жеме угуп жүргөн, Көңүлдөн калгыс кеп угуп жүргөн, «Жетим шүмшүк» деп угуп жүргөн, Кийими жок жылаңач болсо, Тебетейи жок жылаңбаш болсо, Көзүнөн мончоктоп жаш агып жүргөндүр, Жетим байкуш кантти экен? Бай-бай, оокат ай, Жок болсо мал кыйын кантейин: Табылса нан кыйынын кантейин. Жок болсо мал кыйын кантейин: Табылса нан кыйынын кантейин. Сууга муздап, Сөөгү сыздап. Чалбарларын кие албай, Чалдар байкуш кантти экен? Байпагын кие албай, Басып жүрө албай, Балдар байкуш кантти экен? Келини тил албай, Жөн басып жүрө албай

Кемпир байкуш кантти экен?

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.