Кара кыргыздар менен калмактардын согушу болгон. Галдан Церен Кетмен Төбөлүк кыргыздарга жортуул жасаган. Бул убакта саяктын Балбак баатырынын аты чыккан. Жол Колот, Чүйлүү Колоттон кол салган. Согуштук «ит уруш», «кол байлоо» «толгомо», «жайма», «бетме-бет», «эр өл» ыкмаларын колдонгон. 16 жашында Балбак «Телкызылын» минип жылкы тийген казактын Дөнөнбай, Эрбол баатырларын сайып түшүргөн. Ошондо 42 беттешкен доосун жеңип даңазасы чыккан. Колго түшкөнүн чыгарыш үчүн казактар Нышан байдын кызы Бегимай сулууну Балбакка никелешкен. Балбак баатыр 1748-ж. Черик уруусун текестик калмактар чапканда кыпчак Турдумамбет баатыр менен бирдикте аларды талкалаган. Калмактар ошондо моңолдордон чыккан Кебек баатырды баш кылып бир нечесин өлтүрөт. Бул согушта оң канатка Балбак баатыр, сол канатка саруу Төлө баатырды кол башчы кылып шайлашкан. Жалпыга кыпчак Турдумамбет баатыр башчылык кылат.
Булар Торугарт, Беделди, Сары Төрдү ашып Карашаарга келип Тоорул калмактын небереси Нуркачы баш баатыр болгон калмактар менен «Сасык Жийденин» талаасынан беттешип, кыргыздар жеңген. Нуркачынын иниси Шуаң ноёнду буктурмада колго түшүрүшкөн. Бостон уругунан Сейитказы баатыр Чиро Нуркачинин тукумунан Толи менен беттешерде калмактар замбирек атып жиберишип кыргыздар бир топ кырылат. Бул согушта тейит уругунан Жаныш баатырдын аты чыгат. Калмактарга Суң Хелан генерал баш болгон манжуулардан 5 миң аскер жардамга келет. Балбак, Жунуш, Каракурман, Төлө, Айчаке, Намас, Акылбек баатырлардын айласы кетип турганда 10 миң кол менен Качыке, Түлөберди баатырлар келип жоо менен беттешкенде 1748-жылкы кыргыздын бул бириккен күчүнөн калмак катуу талкаланган. 1758-ж. кытайлар калмактарды кырган. Көбү ошондо жан айласы үчүн Волга боюна, Астраханга чейин качышкан. Кыргыздар бир чети куда-сөөк болгондуктан Текес калмактарын кырбай сактап калган. Калмак Дөбөдө, Сасык Жийдеде, Кыргыз Дөбөдө 1792-ж. кандуу согушта шейит кеткендердин сөөгү коюлган.
Бул согуш жөнүндө «Тез Кираний Хо Жекан», «Багынды элдер санжырасы», «Чирос тарыхы» кол жазмасында бар.Балбак баатыр ошондо көп олжо менен келатып Турпандын түндүгүндөгү Ит Кузган деген жердеги Тоорул калмактын тукумунан Шаран деген сулуу кызды олжолоп келип нике кыйдырат. Ыбырайым Адыл уулунун айтуусунда: кийин Балбак баатыр Жумабек, Мурат, Кадыр деген достору менен казак кайындарына барып «орто жүздүн» чоң байы Эшмуканбеттикине мейман болот. Анын кыргыздан жылкы тийип келатып чабышта баатыр баласы өлгөн Тешик Таштагы Жагалмай айылындагы казак Бейшемби өч алмакка карасанатайлык менен чакырып, меймандап Балбак баатырдын тебетейине уу сүйкөп өлтүрөт. Балбак баатыр Шамшынын белине келгенде каза болуп, сөөгү Татты эненикинен чыгып, Семизбелге коюлат. Балбактын небереси Шадымандын уулу Мусакожо: «Балбак баатырдын колдогону көк жал карышкыр Айтактын (Медет датканын уулу) небереси Куйручук куудулга ооп, колдоп жүрөт» – дечү экен (Ж. Кенчиев. «Медет датка», – Б.: 1996. 40-51-б.).
Кийин казактын Эдиге баатыры кол курап кыргызды чапмакчы болуп келгенде Качыкенин уулу Эралы баатыр экөө Суусамырда беттешип, аны жеңген. Балбак жолборс чапкан баатыр болгон. Саяктын Келдибек бийинен – Нүсүп бий, Балбак баатыр, Алыбек, Нарбото, Токтоболот, Байтүгөл. Байтүгөлдөн Медет датка. Нүсүп бийден Сарысейит, Жанбото, Сурке, Туума. Балбак баатырдан Суксур энеден: Алчын, Каракесек, Молдо. Акмарал энеден: Жүзбай (мындан Шадыман, Сүйүнбай. Шадымандан Адыл, Мусакожо. Адылдан Ыбырайым, Абдырахман), Кылыч, Керей үч уул. Татты энеден (бул эне Медет датканын атасы Байтүгөл жаш өлгөндөн кийин анын агасы Балбакка баш кошкон) Аргын, Кубат, Рум. Калмак кызы Шааркан энеден: Молтой – (тукуму Чүйдө), Чымыр, Чынкожо. Казак аялы Бегимай энеден: Ботбай, Матай. Бул «Балбак уулулар» 150 түтүн. Жумгалдын Кызарт, Куйручук айылдарында. Булак:literatura.kg
- Апама арноо
- Үй ээси ким?
- Күү
- Жеңижок менен Нурмолдо
- Айыл конуп калган го
- КАЙЫК («Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повестинен)
- Кыргыз-моңгол, калмак согуштары
- Сыйкырдуу торт.
- ЖУСУП ТУРУСБЕКОВ. Энем
- Манап
- Багыш. Мендирман (2)
- Сура Аль-Джумуа
- ТУШОО ТОЙ
- Бактериялардын келип чыгышы жана өнүгүшү
- Чамгарактап турган кези
- «Бала ыйлабаса, эмчек кайда»
- Күн тийген жердин чоросу
- Айкөл Манас. 7-китеп
- Ысык-көлдөгү көтөрүлүш
- АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЖАРДАМ
- Кыргыз Республикасынын административдик бөлүнүшү. Кыргызстан
- Турпанга качкан эл
- Сура Ар-Рахман
- Күкүк менен зейнеп (жомок)
- Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт
- Сура Ан-Ниса
- Эр мушташ
- ТОГОЛОК МОЛДО. ҮРПҮКАН
- Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- Көчө жана айыл тартибин сактоо
- Малдыбаев Абдылас
- Жетелешүү
- Мышык менен чычкандар
- Баланын билимге, илимге жана өнөргө кызыгуусунун башаты
- Абдыракунов Турдубай
- Кырс
- ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ. КАРАГАЙЧЫ КЕМПИР
- Сура Аль-Гашийа
- Этникалык талаа жана этногенез
- Көлөкөгө тон бычып
- Ишеничтен кетүүчүлүк
- Тамактын кадыры карының ачкан кезде, төшектүн калыңы, уйкуң келген жерде
- Өлүм арзан, жашоо кымбат
- Тартуу
- Эсепчи. (Баамдоочу)
- Рахматулла датка
- ДАРЫЯ, БУЛАК
- «Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы»
- Жигит
- АБЗИЙ КАДЫРОВ. АЛЫМБАЙДЫН БАЛТЕГИ
- БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. БУРАК ЖАН
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. СЫЙМЫК
- Сура Ас-Сафф
- БАР БОЛОЛУ, АГАЙЫН ЖУРТ!
- Кыш айы
- Толтура аяктолугу менен тийбейт
- Ат аягынан, эр тамагынан
- Кол чабуу
- Аласа-бересеге так болуу
- Түгүтескери айланып
- ТУУЛГАН ЖЕР КУСАСЫ
- Пржевальский Николай Михайлович
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. ЭҢСЕТКЕН ЖАЗ
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. ЖАШТЫК КЕЗ
- Коргоол
- Ийик ийиртүү
- Арман ай
- Таш түшкөн жеринде оор
- Туз жедирүү
Кыргыз