БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. ЭР ЖИГИТКЕ СЫН

Эр жигиттин жакшысы Сөзүндө болбойт жалганы. Оймок ооз, кумар көз, Өзүнө теңтуш алганы. Ичинде калбайт арманы. Эр жигиттин жакшысы Кеңешин элге билгизет, Береке-пейил киргизет, Элине пайда тийгизет,

Артык доор сүргүзөт.

Жигиттердин жаманы Айылдашын күйгүзөт. Күндө чатак көп кылат, Жаш башын мурда карытат. Жакындарын кейитет, Түйшүктү катуу көрсөтөт. Ачуусу келсе булкунат, Айылга күндө чыр кылат. Көрүнө залал тийгизет, Көп адамды күйгүзөт, Карды тойсо мардаңдайт,1 Мактап койсо аз гана, Көчөгө батпай дардаңдайт. Тойгон күнү шаттанат, «Оңой оокат кылам» деп, Аялына мактанат. Эр жигиттин жакшысы. Элдин ишин тууралап, Жылдан-жылга чыйралат. Кишиге кылбайт кыянат. Өзүнөн улуу кишиден Адеп сактап уялат. Айткан сөзү орундуу, Бекемдиги билинет. Топ-жыйындын ичинде Чечендиги билинет. Элине жагат кыялы, Эч кимге тийбейт зыяны. Жигиттердин жаманы, Сөз талашып такымдайт. Өзүнүн сөзүн макулдайт. Карындаштан жат болот, Абийири кетип ачылат. Жатындаш тууган бар болсо, «Акым көп» деп асылат. Жөңөкөй тууган кишиге Тийиштик кылып катылат. Бузуктукту иштөөгө, Көңүлүн бурат, шашылат. Эркин өссө эр жигит, Эл намызын талашат. Кадыры бар эр жигит Калк намызын талашат. Тууганына туу болот. Душманына калганда, Чылап койгон уу болот. Болбой турган жигиттин Өзүндө турат айыбы, Уйкудан көзү ачылбайт. Ал жигиттин жаманы Кылган иши арбыбайт, Өмүрүндө жарыбайт, Жакындаса бирөөгө Кийинки жылы тааныбайт. Эр жигиттин жакшысы Каалгалуу коргондой. Кадыр канат болгондой. Казынасы толгондой, Тоо тиреген түркүктөй, Бөрүнү алчу бүркүттөй, Башкарат элин үркүтпөй. Эр жигиттин жаманы Ашыгып кетип алп сүйлөйт. Адамдарга калп сүйлөйт. Эр жигиттин жакшысы Жылдан жылга чыңалат. Болжолу менен сөз сүйлөп, Элинен дайым сый алат. Кайраты артык шер болот, Калкына пейли кең болот. Кадырдуу сөзү эм болот. Эр жигит иши эл менен Кеңештүү сөзүн билгизет. Кенебей келген душманга

Керилип найза тийгизет.

Кокондун үстү Пайзи-Абад. Коону болот көк набат. Атан төөнү иштетип, Азамат эрлер мал табат. Калган көңүл, чыккан жан Издеген менен ким табат? Оруну жок сөз айтсаң, Туугандын көөнү кир табат. Мусапырга жай берген Бузулбасын ыраабат.1 Жаанди2 кезип, кыдырып, Жүргөнүмдү эстесем, Жүрөккө кайгы жаралат. Бүтө турган ишиңе Мурдатан кылгын аракат.3 Мурдатан ишке урунбай, Акыры болбо арасат. Адебиңди бек сактап, Кылсаң болот парасат. Мөмөлүү дарак көгөртсөң, Көчөтүн тигип көбөйтсөң, Кошулат пайиз — баракат.4 Мөмөсү бышып жетилсе, Өткөндөрдүн баары жейт, Өксүгөнгө дары дейт. Мөмөлүү жердин баары бак Армандуу элдин баары дак.5 Жакшы чыкса элиңден, Жалпы журттун көөнү чак Болжогон жерге жеткиртен Аргымак, күлүк, буудан ат. Сүйлөштүрөт кишини Ак кагазга жазган кат. Айып өтсө өзүңдөн, Аракет кылгын, оңдо бат. Жаман адам элге кас, Акылсыз жигит жолдо мас. Акылсызга ар качан Айткандарың баары аз. Ариеттүү эр жигит

Ар качан болот элге баш.

  • Кыргыз макалдары -У
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
  • Чалагыз
  • Византия жөнүндө
  • Адамдүк
  • Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Саада
  • Сынып калуу
  • Сура Фатыр
  • 1847-жылында Кене хандын кыргызга экинчи чабуулуу
  • КИНО ӨНӨРҮ
  • Переселин жана падыша өкмөтү
  • Турганбай Садыков
  • Топурагын түйүп берүү
  • Сура Аз-Зумар
  • Абанын булганышы
  • Байдылда Сарногоев. Мас жана канчык
  • Эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбей
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ФЗОдогу ИНИМЕ
  • Кыргызстан элинин ассамблеясы (КЭА)
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. МЫШЫГЫМ
  • БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ. “СЕНДИ” УНУТУП КОЮПТУР
  • Музооке
  • Ата мурасы жөнүндө сөз
  • «Тон жылуусун ээси билет»
  • Орусча-кыргызча сүйлөшмө (Разговорник русско-кыргызский )
  • «Бала ыйлабаса, эмчек кайда»
  • Эчки тууй албай жатып, койго аначы болот
  • Сура Ар-Раад
  • Битке өчөшүп, көйнегүңдү отко салба
  • Өлүмтүгүн артып
  • Таман акы, маңдай тери
  • БУУ, ЖАМГЫР
  • Тойдо куран окуу
  • Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
  • Манас Акбалтанын кеңеши менен кошойду издеп жөнөгөнү
  • Сура Гафир
  • Математикалык логика
  • СУУ, БАКА, БАЛЫК
  • ӨТКҮН АЙТЫМЫ
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. АЙЫЛЫМ
  • «Жылан чакпаса, жылкы теппесе».
  • Сура Ан-Намль
  • Карыларга сыйынуу
  • Бегалиев Муратбек Акимович
  • Эне тилим – эне сүтүм
  • Өзүмдөн өзүм арданам
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАЛЯР
  • КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ. КЫШКЫ ТҮНДӨ
  • Ландшафттардын “ашташкан” жерлери
  • СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. ЗОНАДАН КӨЧҮРГӨНДӨ
  • Ыбрайымдын мылтык көтөрүлүш
  • АСАН АГАЙДЫН АЛТЫН САНДЫГЫ
  • Жем-жебес – жабыгы
  • Топурактын эрозиясы
  • Балатоктобой жүрсө
  • Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы
  • Бүбүсара Бейшеналиева
  • Математика илимине салым кошкон окумуштуулар
  • Кыргыз макалдары – З
  • Эне мээрими.
  • Нысапсызга кашык салса, беш ууртайт
  • Кой союу. Кой союунун улуттук ыкмасы
  • Сура Фуссилат
  • Ой-пикир түзүүчүлүк
  • Куу тил
  • БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. АЗ КАЛДЫ
  • «Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру»
  • Боз үй
  • АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ТИРҮҮЛҮК
  • Сура Ар-Рахман

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.