Буйрук – бул мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери чыгаруучу иш кагазы. Буйрукта жогорку уюмдардан түшкөн же аткарууга милдеттүү ар түрдүү көрсөтмөлөр же иш чаралар болот. Буйруктар мекемелердин жана ишканалардын өзүнүн негизги жана күнүмдүк иш-милдеттерин жана иш чараларын чечүү үчүн колдонулат. Бул иш кагаз (буйрук) мекеменин негизги тапшырмалары, жеке кызмат адамдары же жеке кызматкери менен байланыштуу маселелерди чечүү үчүн жазылат. Бул иш кагазы нормалаштырылат жана «Буйруктар» деген көктөмгө көктөлөт. Буйруктар өзүнүнформасыжана мазмунубоюнча эки түргө бөлүнөт:
1. Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйрук.
2. Өздүк курам боюнча буйрук.
Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйрук – мекеменин ишин уюштуруу, мекеменин бөлүмдөрүнүн ортосундагы ишмердүүлүктү жөнгө салуу, жогорку уюмдардын көрсөтмөлөрүн кызматкерлергежеткирүү, аны аткаруу боюнча айкын иш чара иштеп чыгуу, бул буйрукту аткаруучу жооптуу кызматкерлерди белгилөө, аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү маселелерин карайт. Мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгек жамаатынынмүчөлөрүн сыйлоо, ченемдик актыларды жөнгө салуужана башка буйруктар жалпы ишмердүүлүк боюнча
буйруктарга кирет. Алар өз мазмуну боюнча бардык жамаат сыяктуу жеке кызматкерге да тиешелүү.
Жалпы ишмердүүлүк боюнча буйруктардын маалымдаректерине:
1. Мекеменин бланкынын маалыматтары. 2. Иш кагазынын аты (буйрук). 3. Күн, ай, жыл. 4. Буйруктун номуру. 5. Буйрук даярдалган жыл. 6. Тексттин темасы. 7. Текст: а) негиздөөчү бөлүгү; б) буйрутма бөлүгү. 8. Жетекчинин кызматы. 9. Жетекчинин колу. 10.Жетекчинин аты-жөнү.
11.Кошумча маалыматтар.
Бул иш кагазында тексттин негизги мазмунун жалпылаган тема болушу керек. Эгерде буйрук бир нече пункттардан турса да тема бардык пункттар үчүн жалпы болушу керек. Буйруктун тексти 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө буйрукту жазуунун максаттары, аны буйрук иш кагаздарына негиздөө баяндалат. Негиздөөчү бөлүктүн аягы «буйрук кыламын» буйрук этиши менен аяктайт. Эгерде буйрукту негиздөөнүн зарылчылыгы жок болсо, анда ал экинчи бөлүктөн башталып, «буйрук кыламын» сөзү жок болот.
Экинчи бөлүктүн сүйлөмдөрүнүн ар бир этиши «ишке ашырылсын», «аткарылсын», «милдеттендирилсин», «бекитилсин», «бошотулсун», «которулсун» ж.б.у.с. буйрук ыңгай менен аяктайт. Буйруктун текстинин экинчи бөлүгүндө буйрук конкреттештирилет. Ал бир нече пункттардан турат. Мындай учурда ар бир пунктка араб тамгасы менен номур коюлат. Буйрук эки нускада даярдалат: түпнуска фирмалык бланкка, көчүрмө А–4 форматындагы таза кагазга жол-жоболоштурулат. Буйруктун текстин кулактандыруу үчүн көчүрмө колдонулат. Буйруктун көчүрмөсүнө «көчүрмө туура» деген белги жасалып, мөөр коюлуп, аткаруучуларга таркатылып берилет.
Ар бир буйрук жетекчинин колу коюлгандан кийин гана юридикалык күчүнө кирет.
Майрамдык иш чараларды өткөрүү жөнүндө буйруктун үлгүсү.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусу Атбашы райондук мамлекеттик администрациясы
25.08.2004-ж. Атбашы айылы
БУЙРУК
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чараны өткөрүү жөнүндө
31-августта «Эгемендүүлүк күнү» майрамын салтанаттуу өткөрүү максатында буйрук кыламын: 1. Салтанаттууиш чара 31-августта саат 10.00дө райондук мамлекеттик администрациянын алдындагы аянтта өткөрүлсүн. 2. Маданият бөлүмүнүн башчысы (Султанов Т.) куттуктоо папкаларын, сыйлыктарды даярдасынжана бул тууралуу бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, мекеме-уюмдардын жетекчилерине кабарласын. 3. Мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлеринин демонстрациялары уюштурулсун. 4. Райондун маданият үйүнүн кызматкерлеринин күчү менен майрамдык чоң концерт өткөрүлсүн.
5. РИИБдин начальниги (Табалдиев Б.) айылда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылсын.
Райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (колу) А.Сайдинов
Булак:bizdin.kg
Кыргыз