Абалтадан бери эле кыргызда жети атасын билүү парз болуп келген. Жети атаны билүү тарыхты билүүнүн башаты. Элибиз өткөн тарыхын бири-бирине оозеки айтып, кийинки муундарга ушинтип калтырып келген эмеспи. Ушундай салтты биринчилерден болуп, молдо Осмонаалы Сыдык уулу оозеки эмес, кагаз бетине түшүргөн жана аны бастырып, китеп катары чыгаруу менен элге жеткиргиси келген. Тарыхты билүү өнөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн терең баалаган Осмонаалы Сыдык уулу ошондо эле «жүрөгүндө оту бар жигиттерге тарих билүү керек жана ал тарих абдан бир эске ала турган илим»-, деп жазат.
Кыргызда ушул чыйырга жол салган Осмонаалы молдодон кийин атын атай турган адамдардын катарында Белек Солтоноев менен бирге Бөөмбаев Насирдин жана анын кол жазмасын айтууга болот. Ошондуктан Бөөмбаев да учурунда кыргыздын «жүрөгүндө оту бар» жигиттеринен болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал кезде азыркыдай маалымат алуунун арбын каражаттары болбосо да, Насирдин молдо эл оозунанан жазып алган санжыралардан сырткары мугалимдик кесибине байланыштуу изденип, көптөгөн китептерди окуп, дүйнөлүк тарыхтан да кабар алгандыгын баамдайбыз. Адамзаттын таралышы, эзелки Вавилон цивилизациясы, байыркы сак, түрк насилиндеги элдердин келип чыгышы, моңгол доору жана Чыңгыз хан тарыхы сыяктуу кол жазмадагы маалыматтар автордун көптөн кабардар экендигин айгинелейт.
Алардын ичинен Насирдин молдо өзүнө чейин жарык көргөн тарыхчылар Абулгази Бахадур хан жана Осмонаалы Сыдык уулунун эмгектерине таасирленгендиги, ал тургай айрым маалыматтарды пайдалангандыгы да көрүнөт. Башкы көч кайда барса, кийинки көч ошону ээрчийт дегендей, Насирдин Бөөмбаев аталган тарыхчыларга теңелүүгө аракеттенип, элинин өткөндөгүсүн өз алдынча жазууга бел байлаган. Аны Осмоналы Сыдык уулунда эскерилбеген же айтылбаган автордун кол жазмасындагы бир катар маалыматтар көрсөтүп турат. Айталы, мурда санжыранын башка варианттарында аз көңүл бурулган жантай, таздар, абыла, сабыр, чагалдак, өзүк, молой, чечей, тынымсейит сыяктуу жана башка уруктардын генеалогиялык санжыралары жөнүндө кеңирирээк маалыматтарды табабыз. Андан да манапчылык доордун башталышы, өзгөчө Ормон хан жана анын заманындагы кыргыз уруу-уруктарынын өз ара мамилелери, тышкы жоого каршы күрөшү тууралуу даректүү маалыматтар камтылганы кызыктуу. Ушул окуялардын өңүтүндө кол жазманын автору кыргыз-калмак мамилелерин өзүнүн ата бабаларынын башынан кечирген окуялар аркылуу баяндап берүүгө аракет жасаган. Ал окурмандарды кайдигер калтырбайт. Дегенибиз, Дайырбек тукумдары болгон жантай уругунун бир нече үй-бүлөөсү, бир канча муун өткөндөн кийин гана калмактын туткунунан бошонуп, эл-жер, ата-журтун издеп, таап келиши ошол учурдагы кыргыз калкы үчүн олуттуу маанидеги окуя болгон.
Болбосо тарых көрсөткөндөй, калмактардын карамагында жүрүп, ал хандык кулагандан кийин, 1757-жылы Сибирдин Колыван тилкесиндеги орус бийлигине букаралыкка өткөндүгүнө карабастан, башка элдерге дайынсыз сиңип кеткен 40 түтүн (жалпы саны 220 жан)2 Ала-Тоолук кыргыздардын кейпин кийип калышы мүмкүн эле. Бул кол жазмада мурда бизге учурай элек оригиналдуу маалыматтар менен камтылганы жана Насирдин молдонун тарыхы, тарыхты жазуунун улуттук маданиятынын башатында тура турган эмгектердин бири экендигин белгилеп турат.
Булак:bizdin.kg
- Карыз акча
- Тууган жок болсо көрө албайт, бар болсо асырай албайт
- Бел алдырбоо
- Кыргызстанда Туризм
- УРКУЯ САЛИЕВА
- «Манас» эпосу жана тарых
- Шаар бузулду
- Айдай сулуу Айчүрөк
- ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
- Эсенкул жетебиз созсуз Самансурга барып такалат
- Жеңижок менен Коргоол
- Жылан өлтүрүүгө таш алып бербейт
- Көк бөрү улагынын этин татуу
- Туура жол эмес
- Рим тыйындары
- Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
- Василий Владимирович Бартольд
- Ысак Шайбек уулу
- Кыргызбайбулуң аска бетиндеги сүрөттөр
- Жамбы атуу
- БААТЫРЛАРГА ЫРАХМАТ
- Узун сарыга сактаганы
- ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. УГАСЫНБЫ?
- АСМАН, ЖЫЛДЫЗ, КҮН
- Эч кимге айтпа
- ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. ПИЛ
- Сура Аль-Анфаль
- Кыргыз эл оюндары. Дөңгө секирип чыгуу, Жардан секирип түшүү, Коён секириш
- «СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР СЕМЕТЕЙДИН САРЫ ТАЗГА ЖОЛУГУШУ
- Кагып-силкүүлүк
- Колу туткак
- Апама арноо
- Эне. Эне – үй-бүлө куту
- Сөгүнүп-сагынуу
- Паргананы каратып, орус оторчуларынын орношкону
- Зайыптарды аео сезими
- Кыргызстандын жаратылышы
- Кан таламай
- ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВ. АЖАЛ МЕНЕН АР-НАМЫС
- Эркек тууш, кыз тууш эсте болуу
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. ПУШКИНГЕ
- А дүйнө кетсем, кайыр кош!
- Сура Мухаммад
- АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. КОМУЗ КҮҮСҮ
- Кыш айы
- Пештенуу
- Кыргыз макалдары – З
- АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. МАЛЯР
- ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ. КОШ, АЛЫМКУЛ
- Токмок, биркулак, кочкордо болгон көтөрүлүш
- СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ. КЫР БЕЛДЕ
- «Конок айтып келбейт»
- РАМИС РЫСКУЛОВ. ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ
- Манастын абалары
- Чач, тырмак алуу
- Эмне үчүн Ысык-көл көгүлтүр
- Арыз
- ДОС, ТАМЫР АДАТЫ
- КҮН КҮРКҮРӨӨ, ЧАГЫЛГАН
- Байчечекей (уламыш)
- Майкана көрбөй бала оңолбойт
- Жөе туман
- Үзөңгүнү тең теминбей
- ДИНИЙ ҮРП-АДАТТАР
- Карышкырдын камкордугү
- ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ЧОҢ ТУРУП
- Кыргыз элинин улуу мурасы
- О городе Чигу
- Тескери бата берүүсү
- ЖААН, ЖЕР, ӨСҮМДҮК
Кыргыз