Жедигер

Жедигер  –  байыркы  кыргыз  уруусу. Мурунтан  аз сандуу,  аз  изилденген. «Манас»  эпосунда,  элдик  тарыхта жедигердин Эр Толтой баатыры  айтылат. Чыр  чатакка өтө жакын, барымта  чоролору  катары  санжырада белгилүү. Жедигердин уруулук  тамгасы Кылыч,  урааны Каратал.  Кылыч  тамга Басыс  уруусунун  Кылыч  тамга  уругунда,  Кытай  уруусунун Күркүрөө уругунда  кездешет. Мунун  өзү байыркы  уруулардын жалпылыгын көрсөтөт. Сол  канатка  тиешелүүдөй. Уруу  санжырачылары жедигерлерди  эки  канаттын бирине да ыйгарбайт. Жедигерлер Сол  канат  кыргыздар менен  чыгыштан  батышка,  батыштан  чыгышка жылган.

Жедигер  уруусу баатыр уруу.    1910-12-жж. Фергана  облусундагы Базаркоргондо  12  түтүн  50  киши,  Каракол Сер-Суу болушунда 325  түтүн  2256  киши, Майлы Суу болушунда  532  түтүн  5026  киши жашаган  («Материалы  по  киргизскому  землепользованию». Анжиянский  уезд.  стр.  14-16, 16-52). 20-к. 50-ж. Кочкор Ата, Курулуш, Ноошкен, Жеңиш,  Кызыл Кыя, Жаңы Арык, Шамалды Сай, Кудук, Шыңгы Сай, Сары Камыш  айылдарында жашашкан. Чүйдө  Кантта бар. Жедигер  генологиясы: Миңкытай, Асан, үсөн,  Кулболду, Кулбаш, Карадон, Кулжабай, Асануулу, Сагынды, Баянды, Коюкбаш, Аккозу, Орустар ж.б.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.