Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылык өмүр жолу

Т. Сыдыкбековдун  чыгармачылык өмүр жолу

Кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон чебер жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912- жылы жарык дүйнөгө келген. Өзүнүн чыгармачылык аракетин адегенде ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү «Ленинчил жаш» газетасына анын «Булар кимдер?» деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй «Чал комузчу» аттуу поэманы жазып, «Чабуул» журналына бастырган. Алгачкы «Күрөш» аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, «Баатырлар» (1936-ж) «Акын-булбул» (1938-ж) аттуу ырлар, поэмалар жыйнактары жарыяланган кезде эле автор проза жанрында жигердүү иштей баштаган.

Поэтикалык чыгармаларында Т.Сыдыкбеков өзүнүн калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүчүүлүк эмгегин, адамдардын жаңы түшүнүктөрүн, жаңы мамилелерди чагылдырууга аракеттенди. Муну жаш автордун ошол кезде жазган ырларына койгон аттарынын өзү эле далилдейт. Мисалы: «Кедейлер артель болушту», «Радио жаңы айылда», «Кетмен күүсү», «Микрофон ырдады», «Басмакана», «Маданият өзгөрдү», «Кечээки чыйыр – бүгүн даңгыр Памир» ж.б.

Т.Сыдыкбеков алгачкы поэмаларынын айрымдарын элдик оозеки чыгармачылыктын материалдарынын негизинде жана Октябрь революциясына чейинки кыргыз элинин турмушунан алып жазган. «Капкакбай» поэмасында автор жомоктордо айтылган Капкакбай аттуу сараң байдын образын түзүүгө аракеттенген. Байдын сараңдыгы ушунчалык – ал өзү да жебейт, элге да эч нерсени ыраа көрбөйт, а түгүл балалуу болгондо ага той берүүдөн да кызганат. Жек көрүмчү шүмшүккө айланган Капкакбайды өлгөндө сөөгүн жер да, көр да, көл да кабыл албайт, акыры сууга агызып жиберүүгө аргасыз болушат. Автор бул чыгармасын жыйырманчы жылдардын аягында жазып, бирок жарыкка чыга электе кол жазмасы жоголуп кеткендиктен, кийин анын экинчи вариантын түзгөн. Адам өмүрүнүн түпкү маңызын ушул жарыкчылыкта ак эмгегинин үзүрүн көрүү түзөт. Ал эми байлыкты күтүп сараң, зыкым болуудан өткөн ыплас эч нерсе бул дүйнөдө жок. «Капкакбай» поэмасында мына ушул элдик идея берилген.

  • Автандил Арабаев. Алгачкы махабаттан калган арман
  • Сура Аль-Масад
  • ТАЛ (уламыш)
  • Протокол
  • Кыргыз эл оюндары. Кош аяктап жүгүрүү, өрдөк баш, таш үстүндө басуу
  • Бакма бала
  • Кыргыз эл оюндары. Жорго салыш
  • Чынгыз хан заманындагы кыргыз
  • Багыш. Мендирман (4)
  • Ондатр
  • Тынымсейит
  • Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
  • «КОЖОЖАШ» ЭПОСУНАН ҮЗҮНДҮЛӨР
  • Он эки миллион
  • Жашы улуу болсо да, жаны курбу
  • Куу түлкү
  • МИДИН АЛЫБАЕВ. ЖИНДИ СУУ
  • Ийик ийиртүү
  • Сура Аз-Зумар
  • Автандил Арабаев. Барын бир күн ичтен туюп жүрөмүн
  • Мүрзө тегеретүү
  • Кыргыздардын каада-салттары. КҮЙӨӨЛӨӨ (КҮЙӨӨЛӨТҮШ)
  • Айткандын оозу жаман, ыйлагандын козу жаман
  • Ак жоолук, жаш солдат, күтүлбөгөн жолугушуу (аңгемелер)
  • Кыргызстандын эс алуу жайлары
  • КАЛЫГУЛДУН ЫСЫК-КӨЛ ТУУРАЛУУ АЙТКАНЫ
  • Пайдалуу кеңештер
  • Көлөкөгө тон бычып
  • Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычагын ала жүрүптүр
  • Токтогул Сатылганов
  • Тукум курут кылуу
  • Чыгыш Түрк кагандыгы
  • «Жардынын жалгыз аты айгыр, жатып алып кайгыр»
  • ФРОНТТОГУ АГАЛАРГА
  • Россия колонизаторунун парганалык кыргызды каратканы. түн жак кыргызынан алынган кабар
  • Кошунанын көчүп келиши
  • ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТАНДА
  • Арстанбек
  • Үй көрүү
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. ЭГЕР БОЛСОМ
  • Сабактарды жана бөлүмдөрдү пландаштыруу
  • Атадан калган тамак
  • Пишпектеги революциячыл комитеттер
  • БАРПЫ АЛЫКУЛОВ. АК КЫМКАПТАН ТОН АЛБАЙМ
  • Сура Ан-Намль
  • ААЛЫ ТОКОМБАЕВ. МУНАР
  • Акыра менен кодолек.
  • Ормон заманындагы кыргыз
  • Байыркы түрк жазма эстеликтери
  • «Өңдү көрсө, жүз таят»
  • Мундуздар
  • Ээнбаштык
  • Кокон хандыгы менен кыргыз арасы
  • «Саманчынын жолу» повестинен Майсалбектин каты
  • Жакшынын көзү кор, кулагы кер
  • Жигит
  • Этносту аныктоочу белги жок
  • «Атанын малы балага опо болбойт»
  • Манас. Асман жана сөз
  • СУЛАЙМАН ТООСУ
  • Сынып калуу
  • Сура Абаса
  • Кайын эне менен келиндин белгилери
  • Расизм
  • Дуңган атчандар полку
  • Өлүм арзан, жашоо кымбат
  • Бешик ыры
  • РАМИС РЫСКУЛОВ. АЙЫЛЫМ
  • ТӨРӨГЕЛДИ БААТЫР
  • Бирөөнүн отуна жылынам деп

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.