ӨЗГӨН АРХИТЕКТУРАЛЫК КОМПЛЕКСИ
Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык эстеликтер. Өзгөн шаарында, Карадарыянын ” жайьшмасынан бийигирээк тектирчеден орун алган. Үч күмбөздөн жана алардан 150 метрдей тундүкбатыш тарапта жайгашкан мунарадан турат. Бул күмбөздөр Караханийлер мамлекетинин өкүмдарлары үчүн тургузулган. Адегенде 11-кылымдын башында ортоңку күмбөз курулган. Ал сырткы беттеринин жалпы узундугу 13,07 метр, түбү чарчы, үстү кумпалуу курулуш. Күмбөздүн дубалдары жаңа кумпасы чопо менен кынаштырьшган кыштан тургузулган.
Ортоңку күмбөздүн түндүк жагына 1152жылы, түштүк жагына 1187-жылы жанаша дагы эки күмбөз курулган. Түндүк жагындагы күмбөздө анын курулган мезгили жана Батыш Караханийлер каганы Хусейин Хасан ибн Алинин аты коюлуп жазылган. Бул күмбөз Ортоңку күмбөз менен анын туюк дубалынан тешилген оюк аркылуу байланышат. Күмбөздүн түбү чарчы формада. Кумпасы жана дубалдары ак ылай менен кыналыштырылган кыштан тургузулган.
Археологиялык казуулардын учурунда ар кайсы мезгилдерде көмүлгөн мусулмандардын сөөгү табылган. Мунара 11-кылымдын 2-жарымында курулган жана төрт бөлүктөн турат. Алгач мунаранын бийиктиги 44,7 метрден кем болбосо керек. Кийинчерээк үстүңкү бөлүгү жер титирөөдөн урап түшкөн.
Мунаранын азыркы бийиктиги 27,4 метр. Мунара мусулмандарды азанга чакырууга арналган, согуш учурунда кароол катары пайдаланылган. Өзгөн архитектуралык комплекси 1923жылы Союздукреспубликалык маанидеги эстелик катары мамлекеттин коргоосуна алынган.
(К.Т.Э.)
Кыргыз