Жакшынын көзү кор, кулагы кер

«Жакшынын көзү кор, кулагы кер». Албетте, жакшыны «жак­шы» дейбиз. Соз мааниси мында. Ошол мыкты адамдын бир сапаты бар. Ал көзүнө көрүнгөндү, кулагы укканды, тотен, начар жагдайлар-ды таназар ала бербейт. Аны билүүгө ал куштар эмес. Анын артынан сая түшүп, өзүнүн кадыр-баркына доо кетирбейт. Көрсө, кермексен,

укса, укмаксан кала берет. Бирөөлөрдү уятка калтыргысы келбейт. Арийне, мындай керунуш чыгыш элдерине таандык алгылыктуу са­паттардан болуп саналат. Кыргыздар ««Үү» дебеген адам уйдой ба-лакеттен кутулуптур». «Төө көрдүңбү?» – «мыя», «бээ көрдүңбү?» -«мыя» дейт. Кеп төркүнү адептүүлүктү сактоо тууралуу барат. Жо-горудагы макал-лакаптарга ««корбодум» деген бир соз, «кордум» деген миң соз»» – түшүнүгү үндөшүп турат. Демек, созго чалынба, жалааны башыңа үйбө, ушак-айыңга алданба сымал накылдарды ичине камтыйт.

«Жылуу-жылуу сүйлосо. жылан ийинден чыгат». Демек, мын­да сөздүн күчүн көрсөтүп турат. Айрымдар «жылуу сүйлөсө, жылан ийинге кирет» -дешет. Жок, адатта, адам улук, жылан адамдан се-зет, коркот. Айрым учурда анын айбат кылуусу – коргонсуусу. Ал ийинге кире качат. Аны адам сөздүн күчү аркылуу «ийинге киргиз-бейт». Созду отмо мааниде айтканда, жылан уу чачат, чагат. Мына ошондой душманды да адам бал тили менен эпке келтирет деген терең ойду билдирип отурат.

«Атты көрүп аягы талыптыр». Ат – Камбар Атанын тукуму, жаныбар аз жатат. Тикеси менен тик туруп, күндү-түндү алмашты-рат. Алые сапар жол басса да арыбайт, талыбайт. Кээде туруп үргүлөйт. Соз маанисинде мунун чыдамкайлыктын накта өрнөгүнө салыштырат. Коп эмгектенип, таман акы, мандай тери барлардын чыдамын ошол аттын касиетине байланыштырып жатат.

«Чоконун төесүндөй солкулдап». Соз мааниси мындай: Чоко Ат-Башыдагы Сарбагыштардын манабы (ата санжырасын сурай кел-генде Болот бийден Эсенгул, андан Ниязбек, Ниязбектен Рыскул-бек, андан Кайдуулу, андан Чоко торолот. Т.а. Ниязбектин сегиз бегинин биринен болуп эсептелет). Оо, бир жылдары тиги Кашкар бетиндеги черик, карабагыш, чоңбагыш элдеринде кургакчылык кап­тал, ачарчылыкокүм сүрот. Ошондо Чоко баатыр Ат-Башы, Нарын бөксолорүнон эгин топтоп, ошоякка кербен тарттырат. Түнү бою жүрүп отуруп, белде конгон төөлөр сууктан эртең менен ото чый-рыгып, титиреп калат. Ушул создон «Чоконун төөсүндөй солкул­дап» деген лакап айтылат.

«Бир карын майды бир кумапак чиритет». Кумалак – тоонун, койдун, эчкинин коргоолу. Мында карындагы майга кумалак кирип кет-се, бара-бара ал созеуз чиритет дечи. Кеп төркүнү башкада, соз эл ичин бузуп-жаруучу, айыл ынтымагын кетирүүчү бузуку, шыкакчы, мүлтүдөк, куу, көшөкөр, куйту, жандиним, чуукуйрук адам тууралуу барат.Ошолор кумалак ордуна отмо мааниде салыштырылып айтылат.

«Музоо муз жалайт, торпок туз жалайт». Кийин эле уйларга жем-чоп, ачытма тоют, аралашма тоют берип, ардактала асыралуу-да. Демек, сүт, эт өндүрүү аракеттери талаптагыдай болуп калбады-бы! Болбосо, мингич аттарга гана чоп салып, жем илүүчү, калган жылкы жайьгпан күн көрүүчү. Саан уйга гана кичине чоп, саман са-луучу. Музоо торпоктон баштап көбүнчө аттын чоптон чыгарган ша-келин, аттын тезегин, анан саман жечү. Мунун отмо мааниси кыргыз­дар илгертен аш-тойду коп өткөрүүчү. Ошондо мыкты табактар, м.а. табактынчүйгүнүаксакалдарга, мансаптууларга, куда-соокторго, ур-маттууларга тартылуучу. Катын-калачтар, келин-кесектер, бала-ба-кыралар, ошолордон арткандарын, берген устукандарын жешип, сорпс-шилең ичип, топук алуучу. Аксакалдар, төбөлдөр бийлик жүргүзгөн илгерки заманда чыккан бул макалдын чоо-жайын мына ушундайча деп жорушубуз керек.

«Пайгамбардын актөөсүжоголгондогу төлгө». Макалдын маа­ниси мындай: Кайсы пайгамбар сабаа экени белгисиз. Биз Мукам-бет пайгамбар деп түшүнөбүз. Иши кылып бироо болуш керек. Анын аябай жакшы көргөн, касиеттуудой караган актайлагы жоголуп ке­тет. Акыры издеп, чарчап бүткөндөн соң, төлгөчүгө барышат. Ба­рып тол го салдырышат. Төлгөчү ак тайлак баланча жерде турга-нын айтып берет. Тайлак табылгандан кийин ишеним лайда болот. Эң эле мыкты толго «Пайгамбардын ак төөсү жоголгондогу толго» эл оозунда айтылып калат.

«Колу ойнооктун, оозу ойноок». Бул сөздүн төркүнү, адатта, уз-усталарга арналат. Алар кардар адамдар үчүн узданат-узанат. Буюм-кечелерин ойдогудай бүтүрүп бергени үчүн кардарлар алар­ды куру койбойт. Шарт боюнча акысын беришет. Чеберчилик колдо-рун сыйлашат. Биринен сала бири бирдемесин өткөрө берүүгө ара-кеттенет. Ошого карата уз-усталар кармаган үлгүлөрүн карап тур-гандай кылууга дымактанышат. Макалдын мааниси колундан буткон нерсе – мандай териң, таман акың. Ал өз оозуңа жетип турат. Т.а. «иштесеңтиштейсиң» дегенди билдирет.

«Уулуң чоңойсо, абийирдүү мйнен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрдүү менен айылдаш бол!» 1. Соз төркүнү мын­дай: Айлана-чөйрөнүн таасир берүүчү касиети зор. «Жакшыга жа-наш, жамандан адаш» – дейт. Бала эс тартаары менен айлана-чойро ага таасир корсотот. Таасир берүүчү адамга жакындашууга умтулуу пайда болот. Улуулардын баскан-турганы ага үлгү бе­рет. Ошондой болууга дымактана турган турпаты жагат. Ушундай жүрүш-турушка эгедер болгусу келет. Дал келүүчү кесип, адис-

тиктандоого аракеттенет. Абийирдүү менен айылдаш болууга ким-дер максаттанбаган.

2. Мында да чөйрө чоң мааниге ээ болот. Кыз балага кыргызда узчулукту биринчи катарга коет. Килемчи, өрмөкчү, түймокчү, быч-мачы, тикмечи, саймачы, оймочу болуш үчүн айыл ичинде уздар ке­рек. Алардын тегерегинде үйрөнчүктөрү бар. Андай жерлерге имер-чиктоо аркылуу енер осот. Жолун жолдоого шарттар түзүлөт.

Кыргыз

Оцените статью
Кыргыз Инфо» - Кыргыздар. Сочинения, книги, рефераты на кыргызском.